ЖКда "Мамлекеттик сырларды коргоо тууралуу" мыйзам долбоору каралууда

Бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында "Мамлекеттик сырларды сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Депутат Жоомарт Сапарбаев депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана убактылуу депутаттык комиссия мамлекеттик сырларды билүүдө бардык тийиштүү документтерди толтуруу менен уруксат алышы керек экендигин айтты. Белгилей кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоору президентке, премьер-министрге, министрлерге, депутаттарга, төрагага, комитет жетекчилерине жана депутаттык комиссияга мамлекеттик сырларды билүүгө тоскоолдуксуз макулдук берүүгө багытталган. Жоомар Сапарбаев: "Бул жалпы коомчулук биле турган маалымат эмес. Мамлекеттик сырларды билүүгө тийиш айрым жетекчилер бар, баарынын эле билиши зарыл эмес. Эгер баарына уруксат берели десек, анда келгиле интернетке эле жайгаштырып коёлу" деди. Ал эми депутат Курмантай Абдиев бардык эле депутаттарга мамлекеттик сырды билүүгө макулдашуусуз уруксат бербөө керектигин белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан