Айбек Айдаров юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Айдаров Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Мамлекеттик кызматта 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгын жетектеп келген.