Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Х социалдык тармагындагы баракчасына билдирүү жазып, АКШ жана Израил тарабынан сокку урулган башталгыч мектептин каза тапкан 160тан ашуун кыздары үчүн казылган мүрзөлөрдүн сүрөтүн жарыялады.
"Бул - АКШ жана Израил тарабынан жардырылган башталгыч мектепте каза тапкан 160тан ашуун күнөөсүз жаш кыздар үчүн казылган мүрзөлөр. Алардын денелери талкаланып, кесилген. Бул - Трамп убада кылган "куткаруу" чындыгында кандай экенин көрсөтүп турат. Газадан Минaбка чейин - күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөн",- деди өз билдирүүсүндө министр.