Биз социалдык тармакта

Жакынкы Чыгыштан Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө Кыргыз жарандары үчүн эвакуациялоо каттамдарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу 3-мартта министрлик билдирүү таратты.
Ал өлкөлөрдүн ичинде Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары жана Оман бар.
ТИМ Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону сунуштады. Ошондой эле өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү эскертти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан