Өлкөдө кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта муфтияттан билдиришти.
Белгилей кетсек, быйыл Орозо айы 19-февралда башталган.
Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
Өлкөдөгү ооз бекитүү жана ооз ачуу убактыларын бул шилтемеден көрө аласыздар. Ал эми Орозодо эмнелерге уруксат берилип, эмнелерге тыюу салынганы тууралуу макаланы бул жактан окуй аласыз.