Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин карамагындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы системалуу рейддерди өткөрүп, шаар ичиндеги курулуш объектилерин текшерүүдө.
Рейд учурунда курулуш реестрине катталбастан жүргүзүлүп жаткан объектилер аныкталды:
• Жукеев-Пудовкин көчөсү, 4
• Гвардейский көчөсү, 13, 13а, 15
• Горький көчөсү, 42, 72, 72а
• Б. Юнусалиев көчөсү, 10
Куруучуларга жазуу түрүндө эскертүүлөр берилди жана шаар куруу документтерин даярдоо, объектилерди тиешелүү реестрге каттоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Министрлик эскертет: курулуш иштерин баштоодон мурун бардык архитектуралык уруксат документтери алынууга жана курулуп жаткан объектилер тиешелүү реестрге каттоого алынууга тийиш.