Ноокат районунун үй-бүлөлүк медицина борбору 2026-жылга медициналык кызматкерлерге планшеттерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады.
Маалыматка ылайык, 200 планшетке 6,6 миллион сом бөлүнгөн. Планшеттерге медиктер үчүн зарыл программалар орнотулушу керек. Товарды жеткирүү мөөнөтү келишим түзүлгөндөн кийин беш жумушчу күн ичинде камсыздалат.
Арыздардын кабыл алуу мөөнөтү 6-мартка чейин деп көрсөтүлгөн.