Түркияда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус жол кырсыгына учурап, 20 адамдын өмүрүн алып кетти

Түркияда жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 20 адам набыт болуп, 28 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу уктап кеткен. Бул тууралуу түркиялык маалыматттар каражаттары бүгүн, 23-январда жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Түркиянын борбордук бөлүгүндөгү Пынарбаши шаарында катталды. Жалпысынан автобустун ичинде 50 киши болгон. Жергиликтүү бийликтегилердин айтымында, өлгөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн.

Белгилей кетсек, Түркияда жыл сайын жол кырсыгынан 5 миңдей адам каза табат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sarabanda
2014-01-23 15:14:59
Башка сайттан 21-адам дешсе бул жакта 20- адам...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан