
АКШнын президенти
Дональд Трамп Испания аскердик базаларын Иранды бомбалоо үчүн колдонууга уруксат берүүдөн баш тарткандан кийин бул өлкө менен сооданы токтотууну чечти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Трамп Ак үйдө Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен жолугушууда каржы министри Скотт Бессентке Испания менен бардык сооданы токтотуу тапшырмасын берген.
АКШ лидери испан товарларын киргизүүгө тыюу салуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, бирок бул чара кандай ишке ашарын так айткан жок. "Испаниядан бизге керек болгон эч нерсе жок, болгону эң сонун адамдар бар. Эли жакшы, бирок жетекчилиги жакшы эмес",- деп билдирди Трамп. Мындан тышкары, Испаниянын жетекчилиги НАТОнун алкагында коргонуу чыгымдарын жетиштүү көбөйтпөй жатканын сынга алды.
Өз кезегинде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясын айыптап, өзүнүн Рота жана Морон шаарларындагы аскердик базаларын Иранга каршы сокку урууга колдонууга тыюу салган.