Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды

Бишкек шаарында алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 4-мартта Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, Р.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында, 8-февралда белгисиз адам Lalafo тиркемесине батирди ижарага берүү жөнүндө жарыя жайгаштырып, арыз ээсинин ишенимине кирип, 12 миң сомду депозит катары алдап алганын билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1987-жылы туулган С.Ч. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан