Ош облусунун Ноокат районунда 2005-жылы туулган А.А. аттуу келин өз үйүндөгү мал сарайдан асынган абалда табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя 20-февралда Көк-Бел айылында орун алды. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ал эми жергиликтүү басылмалардын бирине келиндин жакындары ал ур-токмоктон каза болгонун билдиришип, өлөр алдында апасына жолдошу уруп жатканы боюнча билдирүү калтырганын кошумчалашты. Мындан тышкары, маалыматта келиндин боюнда бар экени айтылат.