Энергетикада эскилиги жеткен кабелдик чубалгылардын бир тобу быйыл иштен чыга турганы белгилүү болду

"Түндүк электр" ишканасынын техникалык директору Кубанычбек Турдубаев учурдагы электр энергиядагы өчүрүүлөр боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, орчундуу көйгөйлөрдүн бири эскилиги жеткен кабелдик чубалгылар. Ал белгилегендей, өткөн суткада жогорку чыңалуудан улам 2 трансформатор иштен чыкты. "Тетиктер даярдалды, жумушчулар күнү-түнү иштеп жатышат. Көптөгөн кабелдик чубалгылар оңдоодон өттү, бирок кийинки жылы оңдоло тургандары да бар. Бир катар райондордо чубалгылардын эскилиги жеткен, кийинки жылы алмаштырылат. Алар быйыл иштен чыгат" дейт Турдубаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан