
Өлкө аймагында акыркы суткада, 4-мартта 6 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу 5-мартта ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы чыкты.
Министрлик кыргызстандыктарды өрт коопсуздугу эрежелерин сактоого чакырат.