Бүгүн, 5-мартта Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр тилкесинде кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда жол убактылуу жабылды. Жол тейлөө ишканалары тарабынан ыкчам түрдө керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилет.