Биз социалдык тармакта

Аялын өлтүрдүм деп... Чүйдө милицияга жалган маалымат берген жаран 5 суткага камалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда милицияга жалган маалымат берген жаран жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу облустук имилиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү Ысык-Ата райондук милициясына белгисиз эркек телефон чалып, мас абалында аялын уруп өлтүргөнүн айткан. Бул билдирүү катталып, тергөө-ыкчам тобу дароо Кант шаарындагы №1 жатаканага жөнөтүлгөн. Бирок текшерүү учурунда мындай окуя болбогону аныкталган.

Кийин жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында телефон чалган адам Ысык-Ата районунун 1988-жылы туулган тургуну экени белгилүү болуп, ал милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Аталган жаранга "Атайылап жалган чакыруу" жана "Майда бейбаштык" беренелери боюнча протокол түзүлдү. Соттун чечими менен ал 5 суткага административдик камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан