Биз социалдык тармакта

Бала эс-учун жоготкон... Чүйдө жубайы менен уулун токмоктоого шектелген жаран кармалды

Жайыл районунда 34 жаштагы жаран жубайы менен уулун сабоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы 4-мартта болгон. Анда ал үйүндө 36 жаштагы жубайын ур-токмокко алып, ага психикалык басым көрсөткөн жана 17 жаштагы уулун башына урган. Натыйжада, бала эс-учун жоготкон. Ага мээнин чайкалышы диагнозу коюлуп, мурун сөөктөрүнүн сынганы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иши козголгон. Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан