Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн унаа жолдорундагы абал боюнча маалымат

Бүгүн, 6-март өлкө ичиндеги унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, чектɵɵлɵр жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.
Бишкек - Ош унаа жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз - Талас - Суусамыр жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, кээ бир тилкелеринде туман каптап, жол жакшы көрүнбөй каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.
Ошондой эле, Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп - Кеген жолунда күн бүркөк, каттам бар.
Белгилей кетсек, Бишкек - Нарын - Торугарт жолуна кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан