
Бишкек шаарындагы Ленин районунда 1200 орундуу мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу 6-мартта Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Гагарин көчөсү 166 дарегинде жайгашкан №55 мектепке кошумча корпус куруу иштери башталган. Азыркы учурда пайдубалын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Долбоор боюнча мектеп 1200 орунга ылайыкталып, 5 блоктон турган, 2 кабаттуу имарат болуп салынат. Заманбап негизги окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, эмгек бөлмөлөрү, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралат. Мектептин жалпы аянты 5553 чарчы метрди түзөт.