
Жогорку Кеңештин төрагасы
Марлен Маматалиев бүгүн, 6-мартта Талас облусуна иш сапары менен барды. Бул боюнча парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алгач төрага улуттук "Манас Ордо" комплексине зыярат кылып, андагы жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.
"Өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү аяктаса, келген зыяратчылардын, туристтердин санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү анык. Бул өз кезегинде облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жардамчы болуп, аймактын экономикалык өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет",- деди төрага.
Маматалиев реконструкциялоо иштерин Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалганын айтып, мерчемделген жумуштарды өз убагында, сапаттуу кылып жасоого чакырды.
Маалымат үчүн: Аталган жай 1995-жылы "Манас" эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин "Манас Ордо" комплекси болуп негизделип, 2001-жылы ага "улуттук" деген макам ыйгарылган. Жалпы аянты 225 гектарды түзүп, анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ат майданы жана башка маданий жайлар орун алган. Учурда да кошумча имараттар курулуп, жаңылоо иштери жүрүүдө.