Биз социалдык тармакта

Чоң-Алайда 7 жаранды айдоочулук күбөлүк алып берем деп алдоого шектүү кармалды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 7 жаранга айдоочулук күбөлүк алып берем деп алдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-мартта облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айында 7 жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда А.М. аттуу жаран Е категориясын жаздырып, айдоочулук күбөлүк алып берем деп жарандардан 60 миң сомдон 104 миң сомго чейин акча каражатын алып, из жашырганын билдиришкен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан