Айыл чарба министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда ушул жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттолду.
2024-жылдын жыйынтыгы менен чет өлкөлөргө 13 миллион 49 миң 405 даана гүл жөнөтүлгөн. Ал эми 2025-жылы экспорт көлөмү дагы көбөйүп, 24 миллион 99 миң 696 даана гүлдү түзгөн.
Быйылкы жылдын алгачкы эки айында эле Кыргызстандан 17 тонна, башкача айтканда 213 миң 745 даана гүл экспорттолду. Экспорттолгон гүлдөрдүн негизги бөлүгүн Өзбекстан сатып алып, бул өлкө кыргыз гүлдөрүнүн башкы импорттоочуларынын бири болуп калды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан гүл негизинен Орусияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Арменияга жана башка өлкөлөргө сатылат.