Биз социалдык тармакта

УКМК Жалал-Абад аэропортунун курулушу токтоду деп видео тараткан жаранды аныктады

Жалал-Абад облусундагы эл аралык аэропорттун курулушу токтотулганы тууралуу жалган маалымат камтылган видео социалдык тармактарда жана мессенжерлерде таратылууда. УКМКнын кызматкерлери аны жарыялаган 1994-жылы туулган М.у.Ш. аттуу Сузак районунун тургунун аныктады.

Мекеменин маалымат борбору билдиргендей, профилактикалык сүйлөшүү учурунда ал видеону тартып алып, таратканын моюнуна алды. Ал өкүнүчүн, эч кандай жаман ниет жок экенин билдирди. Жаран менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган аэропортто курулуш иштери кызуу жүрүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан