Токмок шаарынын мэри болуп Кутпидин Шакиров дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал ушул жылдын 10-февралына чейин Чүй облусундагы Кемин районунун акими болуп иштеп келген.
Буга чейин Токмок шаарынын мэри болуп турган Алтынбек Эргешов кызматынан бошотулган.