
Бишкек шаарындагы Мамлекеттик бажы кызматынын имаратынан
чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.
Имараттагы өрт саат 20:42де чектөөгө алынып, 21:46да толук өчүрүлгөн. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.
Көп кабаттуу имараттан чыккан өрт кырсыгына жалпы 4 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты жана штаб тартылган.