Биз социалдык тармакта

Стамбулдагы кыргызстандыктар үчүн ооз ачуу иш-чарасы өтөт (видео)

15-мартта Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерге ооз ачуу иш-чарасын өткөрөт. Буга байланыштуу мекеме кайрылуу жасап, ал жактагы кыргызстандыктарды бул иш-чарага чакырды.

Саамалык диний ишмер Абдишүкүр Нарматовдун катышуусунда өтөт.

"Бул иш-чара чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиздин башын кошуп, ынтымагын бекемдеп, өз ара баарлашууга жана биримдикти чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Башкы консулдук жарандарын ооз ачуу дасторконуна келип, бул куттуу кечени мекендештер менен бирге өткөрүүгө чакырат.

Орундар чектелүү болгондугуна байланыштуу, катышууңуздарды алдын ала тастыктап төмөнкү номерге чалып же жазып коюуну өтүнөт +90 536 882 78 14", - деп билдирди мекемеден.

Стамбулдагы кыргызстандыктарга ооз ачуу иш-чарасы өтөт 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан