Бишкек-Торугарт жолундагы автокырсыктан 1 адам каза тапты
Бишкек-Торугарт жолунда автокырсыктан 1 адам каза тапкандыгы тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 16-декабрь күнү саат 18:00дөр чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 55-чакырымында Мерседес-Спринтер унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, 30-35 жаштагы аялды сүзүп алган. Кырсык болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, жаракат алган аял Токмок шаарынын ооруканасына жетпей көз жумган. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.