Бишкекте Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу бетон тосмонун сүзүп, каза болду. Маалыматты шаардын Жол милициясы тастыктады.
Билдирүүгө караганда, кырсык 7-мартта саат 12:15 чамасында болгон.
Анда Toyota Camry'нин айдоочусу Валиханов көчөсү аркылуу түндүк багытта бара жатып, Толстой көчөсү менен кесилишкен жердеги бетон тосмону сүзүп, окуя болгон жерде каза болгон.