Биринчи айым Айгүл Жапарова 8-март майрамы менен айымдарды куттуктап, өлкө үчүн эмгеги сиңген айымдар менен дасторкон үстүндө болгон жолугушуусунда тартылган сүрөттөрдү жарыялады.
"Аялзаты – бул мээримдин түгөнбөс булагы, үй-бүлөнүн куту жана жашоого дем берген улуу күч. Сиздердин назиктигиңиздер, акылмандыгыңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар менен дүйнө жарык болуп турат.
Кыргызстандын тарыхында да, бүгүнкү күнүндө да айымдардын орду өзгөчө. Андыктан ар бириңиздер – Кыргызстаныбыз үчүн зор күчсүздөр. Аял үй-бүлөнү да, коомду да, мамлекетти да бирдей алып кете алган инсан катары сыпатталып калган. Анткени аялзаты күчтүү болсо – үй-бүлө бекем, мамлекет күчтүү болот.
Сиздерге бекем ден соолук, бөксөрбөс энергия, үй-бүлөлүк бакубаттуулук жана чексиз бакыт каалайм. Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, жүрөгүңүздөрдө кубаныч, жашооңуздарда ийгилик коштоп жүрсүн", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.