Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна таш кулап, жол убактылуу жабылды
Кечээ, 8-март күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо бетинен таштар кулап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жеринде №41 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жабыркагандар жок.
Автор: Меерим КабыловаФото: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги