КОЙ
(21.03–20.04)
Аптанын башынан, тагыраагы, дүйшөмбү, шейшемби күндөрдөн сизден тез жооп талап кылынуучу сунуштардын түшүүсү күтүлөт. Канчалык шашылыш болсо да, майда деталдарга чейин көнүл бөлүп текшерип чыкканга аракет кылыныз. Айымдар мырзалардын көнүл борборуна чыгып, адаттагыдан көп комплимент угуп, сюрприз белектерди алышмакчы. Каржы жаатында өзүнүзгө көбүрөөк коротконго уруксат бересиз. Дем алышта жалгыз калуу сунушталбайт, андыктан алдын ала план түзүнүз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жылдыздар букачарларды тынч жана жемиштүү апта күтөт дешет. Жүрөгүнүздү таарынычтан, акылынызды керексиз нерселерден тазалаганга аракет кылыныз. Үйдө колду кармаган, түйшүк жараткан иштер менен көбүрөөк алек болосуз. Түгөйүнүздүн маанайы жок, сизге сыртын салып калганын байкайсыз. Эмоцияга алдырбай жай сүйлөшүүгө аракет кылыныз, баары он жагына чечилмекчи. Апта сону кем-карчынызды толуктоо максатында базарга баруунуз күтүлөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жумушта сиздин сабырдуулугунузду текшерген бир нече учур болот. Жаралган негативдүү эмоцияларды үйдөгүлөрдөн чыгарбай, жумушка, спортко бурганга аракет кылыныз. Аптанын экинчи жарымында көптөн күткөн жагымдуу жанылык угуп кубанасыз. Бойдоктор бул аптада “анчылыкка” чыкса, кызыктуу адамга жолугарына толук мүмкүнчүлүк бар. Дем алыш күндөрү энергиянызды кайда короторунузду билбей, көтөрүнкү маанайда жүрөсүз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын башы бир аз оорураак болушу күтүлөт. Буга себеп туугандар ортосундагы пикир келишпестик же финансылык оорчулук болушу мүмкүн. Көп кайгырбаныз, маселе кандай жаралса, ошондой бат эле чечилет. Аптанын экинчи жарымында бир нече жерден конокко чакыруу аласыз, кайсы биринен жетишпей калбаш үчүн убактынызды алдын ала пландай жүрүнүз. Дем алышты билимди жогорулатууга, жаны нерселерди өздөштүрүүгө коротконунуз жакшы.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бул аптада жылдыздар арстандарга жакшы колдоо көрсөтүшөт. Кандай кыйын ишти колго алсаныз да оной аткарылмакчы. Жумуштагы атмосфера үйдө кайталанбайт, майда пикир келишпестиктер чон чырга айланып кетиши мүмкүн. Жакындарынызга ишеним көрсөтүнүз, ошондо маселе чечилет. Үйүнүздө ремонт иштерин баштайм деп турсаныз, баштаныз, эч кандай тоскоолдук жок. Шылуундарга кабылып, акча уурдатуу коркунучу бар, сак болунуз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бир чекиттен жылбай жаткан каржылык абалынызды жакшыртуу үчүн жашоонузду кайра башынан карап чыгуу, өзгөртүү киргизүү керектелет. Жумушта болобу, жеке жашоодобу күтүүсүз сунуш алышыныз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында үйүнүзгө айттырбай конок келиши күтүлөт. Гардеробду жаныртуу планыныз аз санда болсо да ишке ашмакчы. Жаны таанышуулар келечекте пайдалуу иштешүүгө алып келет. Бойдоктордун фронтунда бул апта тынч өтмөкчү.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул күндөрү мурдатан бери илээшип бүтпөй келе жаткан нерселерди бүтүрөсүз, үйдөгү керексиз буюм-тайымдардан да арылышыныз мүмкүн. Жумушта көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр күтүлбөйт, кадимки ыргакта өтөт. Жаны жумуш издеп жүргөндөр жакшы жумушка орношуусу мүмкүн. Батирден башка батирге көчүү, ремонт же кыймылсыз мүлк сатып алуу иштери да ушул аптада орун алышы ыктымал. Апта сону тынчтыкты, жалгыздыкты самап каласыз, өзүнүзгө өзүнүз эс алуу уюштурунуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндар үчүн апта жемиштүү өтөт. Жумуштагы жетишкендигиниз үчүн көп адамдан мактоо, колдоо сөздөрүн угасыз. Үй шартында эмгектенгендер да жасаган ишинин жемишин көрүшөт. Үйдөгү майда балдардын түйшүгүнөн өзүнүзгө убакыт таппай, кыйналып жаткан болсонуз, коркпой, уялбай эле жакындардан жардам, колдоо сураныз, сизди түшүнүшөт. Дем алышта көнүлүнүзгө жаккан адамдардын курчоосунда эс алганыныз жакшы.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачылар бул аптада өздөрүн чарчанкы сезиши мүмкүн. Жумуштагылар да, үйдөгүлөр да чарчатып жаткандай абалда болосуз. Олуттуу иштерге жоопкерчилик албай, өзүнүзгө тыным бергенге аракет кылыныз. Каржы тармагында туруктуулук сакталат. Саякатка чыгууга ынгайлуу мезгил. Жүрөгү бош адамдар күтпөгөн жерден кызыктуу адамга жолугуусу мүмкүн. Конфликтке баруу мүмкүнчүлүгү жогору, өзүнүздү кармаганга, жөн жерден башкага асылбаганга аракет кылыныз.
Уландысы шилтемеде.