№2 аялдар абагында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, түзөтүү мекемесиндеги соттолгон аялдар тарабынан чакан концерттик программа тартууланып, анда кыргыз элинин улуттук ыр-күүлөрү, обондору жана көркөм ыр саптары аткарылды.
"Майрамдык иш-чаранын негизги максаты - соттолгондордун руханий-маданий баалуулуктарын жогорулатуу, улуттук салт-санаага болгон урмат-сыйды бекемдөө, ошондой эле алардын коомго кайра кошулуусуна өбөлгө түзүү болуп саналат. Мындай маданий-тарбиялык иш-чаралар соттолгондордун ички дүйнөсүн байытып, жакшы сапаттарды өнүктүрүүгө, коомго пайдалуу жаран болуп кайтып келишине багытталат",- деп белгилеген ЖАМК.