Чүй облусунун аймагында бир жума ичинде 8355 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ичинен:
Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 78;
Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу - 70;
Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 9;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 105;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 1388;
Карама каршы тилкеге чыгып озуп өтүү - 58;
Жөө жүргүнчүлөр тараптан жол эрежесин бузуу - 399;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 268 унаа айып короого киргизилди.