Жакында колониядан бошотулган Даниэль Ажиев кайрадан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, Ажиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча айып тагылган. Алгач ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
8-март күнү сот анын бөгөт чарасын карап чыгып, тергөө аяктаганга чейин СИЗО-1 мекемесине эки айга камоо тууралуу чечим чыгарды.
Эске салсак, Ажиев 2023-жылдын июнь айында вебкам-студияларды уюштурган деген айып менен кармалган. Ал Өзбекстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетүүгө аракет кылып жаткан учурда коңшу мамлекеттин аймагында кармалган. Соттун чечими менен Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылган.
2026-жылдын 18-февралында ал президенттин жарлыгы менен мунапыс аркылуу бошотулганы тууралуу маалымат чыккан. Бирок 6-март күнү ал кайрадан Токмок шаарынан кармалган.