Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында депутат Салтанат Аманова ЖМКлар боюнча мыйзамга кошумча пункт киргизүүнү сунуштады.
Эл өкүлү мамлекеттик ЖМКларда иштеген журналисттердин маалыматтарын алып өзүнүн кошумчалары менен жайылтып жаткан блогерлерге да чара көрүлүшү керектигин билдирди.
"Коомчулукта массалык маалымат каражаттарынан алынган маалыматтарга дагы өзүнүн кошумча-алымчасын киргизип туруп, блогерлер таратып жатышпайбы. "Перепост" журналистика азыр үстөмдүк кылып жатат. Айрым учурда бурмалоо болуп жатат. Ошолорду кантип жөнгө саласыздар? Мыйзамдагы Укук бузуулар, Кылмыш-жаза кодекси боюнча бөлүмчөнүн объектине мамлекеттик ЖМКлардын журналисттери көрсөтүлгөн. Ошол жерге маалыматты таратып жаткан блогерлерди кошууну юристтер менен карап чыгыңыздар",- деди Аманова.
Маданият министринин орун басары Марат Тагаев суроолорго жооп берип жатып Укук бузуулар кодексине адамды кемсинтүү жана жалган маалымат таратуу боюнча өзгөртүүлөр киргенин белгиледи.