Биз социалдык тармакта

Бишкекте ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды 

Бишкек шаарында ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, У.М. аттуу жаран 2025-жылдын 5-март күнү К.Ч. аттуу жарандын ишенимине кирип, биргелешип бизнес жүргүзөбүз деген шылтоо менен 40 миң долларын алып, андан кийин байланышпай кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган У.М. аттуу шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан