Жекшемби күнү өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 9-мартта берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Министрлик өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоого чакырат.