
Нарын облусунун Жумгал районунда токой чарбасынын карамагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ижарага берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу 9-мартта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жумгал токой чарбасынын кызматкерлери 2019-2024-жылдар аралыгында жер тилкелерине жасалмалоо жолу менен сынак өткөрүлгөндүгү жөнүндө протоколдорду түзүшкөн. Натыйжада жалпы 49 жаранга 104,19 гектар жер 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси менен (Кызматтык жасалмачылык) кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.