Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал ок атышууну токтотуп, жаңжалды эл аралык укук жана Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Министр бул билдирүүнү 7-мартта Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынында жасады.

Мындан тышкары, Кулубаев Пакистан – Ооганстан чек арасындагы кырдаалга токтолуп, аймактагы коопсуздук үчүн Ооганстандын өнүгүшү маанилүү экенин белгиледи.

Эске салсак, АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилге жана чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан