Биз социалдык тармакта

Чүйдө бейбаштыкка шектелген 19 жаштагы эки жигит кармалды 

Чүйдө бейбаштыкка шектелген эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаардык милициясына М.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бир туугандарын жана өзүн ур-токмокко алган жарандарга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, окуя 27-февралда саат 22:30 чамасында Сарбагышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында болгон.
Медициналык маалымкатка ылайык, жабыркаган жарандарда жабык баш мээ жаракаты, мээнин чайкалышы, көгөргөн жана кесилген жаракаттар аныкталган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Ш.А. жана П.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шаардык соттун чечими менен аларга карата 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан