Биз социалдык тармакта

Кадамжайда мыйзамсыз курал менен аңчылыкка чыккан жаран аныкталды

Баткендеги Кадамжай районунун Таш-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну Х.У. уруксаты жок сайлуу ок атуучу куралы менен аңчылык кылганы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, милициянын Үч-Коргон айылдык бөлүмү аны Пум айылында жайгашкан жайлоодон кармашты.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, куралы алынды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан