Эртең, 10-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1... +4, күндүз 0... +5;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1... +3, күндүз +2... +5;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +5, күндүз +6... +8;
- Нарын аймагында түнкүсүн -1... +1, күндүз +6... +8;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... +2, күндүз +8... +10;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 0... +2, күндүз +2... +4 градус.