Биз социалдык тармакта

Быйыл 9 миллион бак-дарак көчөтүн отургузуу пландалууда

“Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата республика аймагында 3 миң 250,648 гектар жер аянтына 3 миллион 820 миң 663 түп көчөт отургузулду. Отургузулган көчөттөрдү сугаруу жана коргоо боюнча иштер өз убагында жүргүзүлүүдө.
2026-жылы өлкө боюнча жалпысынан 9 миллион даана бак-дарактын көчөтүн отургузуу пландалууда.
Белгилей кетсек, өткөн жылы жалпысынан 8 миллион 239 миң 915 даана бак-дарактын көчөтү отургузулган. Алардын катарына терек, каражыгач, кайың, эмен, жаңгак, мисте, бадам, алма, өрүк, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, арча, тыт жана башка дарактардын түрлөрү кирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан