Биз социалдык тармакта

Өлкөдө айыл чарба малын экспорттоого тыюу салуу мөөнөтү узартылды

Министрлер кабинети өлкөдөн айыл чарба малын чыгарууга убактылуу тыюу салууну узартты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган тескемеге Адылбек Касымалиев кол койгон.
Негизги пункттар:
• Тыюунун мөөнөтү – 6 ай.
• Тыюу ири мүйүздүү малга, атка, койго жана эчкиге тиешелүү.
• Максат – тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана базардагы бааларды туруктуу сактоо.
Тыюудан тышкаркы учурлар:
• Кыргыз Республикасынын аймагынан транзит.
• Спорттук аттарды мелдештерге чыгарып берүү.
• Аттарды чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга белекке берүү.
• “Кыргыз Агрохолдинг” мамлекеттик оператору аркылуу жаш мал экспорттоо
• Аттарды аба транспорту менен чыгарып кетүү.
Профильдик мамлекеттик органдар тыюуну ишке ашыруу боюнча тапшырмалар алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан