Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.