Биз социалдык тармакта

Бишкекте окуучу мектепке куралдуу кол салууну көздөгөн делип кармалды

Бишкекте мектеп окуучусу теракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, ал борбор калаадагы орто мектепте мугалимдерге жана окуучуларга куралдуу кол салуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жүргөн. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 252-беренесинин 1-бөлүгү (Терроризм актысын жасоо коркунучу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызмат ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен көбүрөөк сүйлөшүүгө жана алардын интернетте эмнеге кызыгып жатканын көзөмөлдөөгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан