
Бишкекте 31 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучунун биргелешип бизнес жүргүзүү жана кирешени көбөйтүү шылтоосу менен Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаасын алдап алган. Шектүү унааны үчүнчү жактарга сатып жиберип, алынган акча каражаттарын өз муктаждыктарына пайдаланган. Натыйжада, жабырлануучуга 15 500 доллар өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.