Бишкек шаарында айдоочулук күбөлүккө байланыштуу шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 11-декабрь күнү О.У. аттуу жаранга өзүн А.К. деп тааныштырган жаран айдоочулук күбөлүк алып берүүгө жардам көрсөтөм деген шылтоо менен 120 миң сом акчасын алып кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн дагы 6 факт боюнча алдамчылык кылмыштарына катыштыгы бар экени аныкталган.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга дагы тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.