Биз социалдык тармакта

БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартуу сунушталууда

БШК мүчөлөрүнүн санын 12ден 7ге кыскартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев бүгүн, 10-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында тааныштырды.

Демилгечинин айтымында, 7 мүчөнүн үчөөсүн президент, төртөөсүн парламент сунуштайт. Сыдыгалиев мыйзамдын экинчи окуусунда БШК мүчөлөрүнүн санын 8 кылуу сунушталарын кошумчалады. Ал анда 4 мүчөнү президент, 4 мүчөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөрүн белгилөөдө.

Мыйзам долбоору аталган комитет тарабынан биринчи окууда кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан