Биз социалдык тармакта

Алайда айыл башчы опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды

Алай районундагы айылдардын биринин айыл башчысы опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 76 жаштагы аткаминер 67 жаштагы жарандан 1 гектар чөп чабуу багытындагы жер тилкесин талашып, аны иштетүүгө ар кандай тоскоолдуктарды жаратып, 65 миң сом акча талап кылып келген.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Айыл башчы 60 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан