Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Түндүк" тиркемесинде мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына көпчүлүк учурда жооп бербей жатканын айтты.
Ал бүгүн, 10-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйынында мамлекеттик органдар тарабынан айрым электрондук каттарга берилген жооптор түшүнүксүз экенин белгиледи.
"Жоопту түшүнбөйсүң, анан аткаруучуга чалып, "эмнени жазып койдуң?" десең, өзү да түшүнбөйт да. Көбүнчө мамлекеттик органдарда азыр ChatGPT менен жооп жазып жатышат",- деди эл өкүлү.